КАЗ
КАЗ – каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун сууда сүзүүчү куштар уруусу. Дене уз. 1 мге жетет, салмагы 2–6 кг. Шыйрагы узун, ба-

сууга ыңгайланган. Негизинен өсүмдүк, айрымдары курт-кумурска ж. б. м-н азыктанат. Аскага же жерге уялап, 5–8 жумуртка тууп, эркек-ургаачысы алмак-салмак басат. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруу, 8 түрү бар. Кырг-нда маңка каз (тоо казы) кездешет. Б а к м а К. жапайы боз каздан чыккан. Ургаачысы жылына 20–25 жөжө чыгарат. Бордоп семирткенде айрымдары 10 кгга чейин эт берет. К-дар көк чөптү жакшы оттойт. Жылына 30–40, айрым породалары 100дөй жумуртка тууйт. Жыл өткөн сайын жумуртканы көп берет (2-жылы 1-жылга караганда 15–25%ке, 3-жылы 30–40%ке ашат). Эт багытындагылар 6 айлыгында союлат. Этинде 16%тей белок, 35%тей май болуп, күчтүү келет. Каз майы – үшүккө, күйүккө дары. Жүнүнөн мамык ж. б. алынат. К. май айынан октябрга чейин жайытта, кышында атайын жайда (жылытылбаган) багылат. Ургаал багуу үчүн атайын жарык ж-а жылуу жайда кармалат. Мында салмагы 5 кгдан ашык казга 1 м2 аянт туура келгидей болуу керек. Багуу мезгилинде тоют рациону болжол м-н (1 башка г эсебинде): дан 215, күн жара ж-а кызылча тобу 30, чыктуу ж-а көк тоют 200– 350, чөп уну 70, ачыткы 2, туз 1,5–2 г берилет. Кырг-нда ири боз каз, холмогор казы ж. б. багылат.
Ад.: Сметнев С. И. Птицеводство. 5-е изд. М., 1970.