КАЗАКБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКБАЕВ Абдыкаир (20. 1. 1920, Чүй обл., Кемин р-ну, Чым-Коргон кыш. – 25. 8. 1967, Фрунзе) – мамл. ж-а коомдук ишмер. КАЧИни (1945), КПСС БКнын алдындагы Жогорку парт.

мектепти (1947) бүтүргөн. 1943–44-ж. Кырг-н ЛКЖС БКнын секретары, 1947– 49-ж. партиянын Фрунзе обкомунун үгүт ж-а саясат бөлүмүнүн башчысы, 1949– 51-ж. К ыргыз ССР Ми - нистрлер Советинин алдын­дагы Иск-во иштери б-ча башкармалыктын башчы­сы, 1952–53-ж. Кырг-н КП БКнын илим ж-а иск-во бөлүмүнүн башчысы, 1953–58-ж. Кыргыз ССР мад-т министри, 1958–63-ж. Кырг-н КП БКнын секретары, 1963–66-ж. Кырг-н КП БКнын алдындагы Тарых ин-тунун директору, 1966– 67-ж. В. В. Маяковский атн. Кыргыз кыз-ке­линдер пед. ин-тунда проректор болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1955– 65). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты. 2 Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.