КАЗАКТАР
КАЗАКТАР , к а з а к - о р у с т а р (түркчө эркин адам) – Россиядагы этностук-сословиелик топтор; орус жерлеринин четки түш. аймактарында жашаган элдердин 14-к-да калыптанган социалдык-этностук ж-а тарыхый жамааттары. Дон, Кубань, Оренбург ж-а Сибирь К-ынын ичинде орустар, украиндер басымдуулук кылган, о. эле беларус, түш. славян, татар, мордва, башкыр, калмак, кумык, ногой, чечен, армян, түркмөн, бурят ж. б. элдердин топтору да К-дын курамына кирген. 15-к-дын башынан К. орус мамлекетине аскердик кызмат өтөй башташкан. 16-к-да Украинада Запорожье Сечи, Тер К-ынын ж-а Сибирь К-ынын жамааттары, Речь Посполита м-н чектешкен аймакты украин К-ынын поляк өкмөтүнө кызмат кылган өзгөчө тобу, 17- к-дын ортосунда Чыгыш Украинада Слобода К-ы пайда болгон. К. Сибирь, Ы. Чыгыш ж-а Россиянын түш. аймактарындагы жаңы жерлерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. 16–17- к-да К. кеңири автономияга ээ болушкан. Бардык маанилүү иштер аскер чөйрөсүндө чечилип, жамааттын башында атамандар турган. Орус өкмөтү акырындык м-н казак обл-тарынын автономиясын чектеп, К-ды толугу м-н өздөрүнө каратууга умтулушкан. 17–18-к-да К. өз эркиндиги үчүн талбай күрөшүп, падышага каршы көтөрүлүштөргө жигердүү катышкан. С. Т. Разин, К. А. Булавин, Е. И. Пугачёв сыяктуу көтөрүлүштүн жетекчилери К-дан чыккан. Булавиндин көтөрүлүшү (1707–09) талкалангандан кийин Дон К-ынын бир бөлүгү Кубанга, кийин Осмон империясына өтүп кетишкен. Е. И. Пугачёвдун көтөрүлүшү (1773–75) жеңилген соң, Запорожье Сечи жоюлган. 18–19-к-да бир катар казак аскерлери жоюлуп, падыша өкмөтүнө толук баш ийген жаңы аскерлер (Астрахань, Оренбург, Кара-Деңиз, Сибирь, Кавказ, Забайкалье, Амур, К убань, Терек , Жети-Суу, Уссури) түзүлгөн. К-дын жалпы саны 4,4 млндон ашып, 63 млн теше жерге ээлик кылган. К-дын бардык аскерлери адм. ж-а аскердик жактан Аскер министрлигине баш ийген. К. 18 жаштан 20 жыл, 1909-жылдан 18 жыл аскердик кызмат өтөшкөн. 18–20-к-да К. Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756–63), Ата Мекендик (1812), Кавказ (1817–64), Крым (1853–56) ж-а орус-түрк согуштарында айырмаланган. 19-к-дын аягы – 20- к-дын башында К. укук тартибин ж-а мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917–22) К. элдешкис эки лагерге бөлүнүп кетишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А. И. Дутов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамонтов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун командачылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будённый, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Миронов жетектеген К. Совет бийлиги тарапта салгылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген К. чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. К. катмар катары жоюлган. 1936-ж. казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясына кызмат кылууга уруксат берилип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) К. душманга каршы баатырдык м-н салгылашкан. 1990-жылдардын башында Россияда К. уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-ж. январда РФ Президентинин алдында К. аскерлеринин башкы башкармалыгы түзүлүп, ал 1998-ж. РФ Президентине караштуу Казактар маселеси б-ча башкармалыкка айланган. 1993-ж. «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-ж. «Кайра жаралуу» маданий-экон. борбору, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги максаты – К-дын үрп-адат ж-а салтынын негизинде келечектеги муундарды мад-ттуулукка, спортко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания ж-а наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим борбору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иштейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын респ. фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалынын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынчтык жана туруктуулук үчүн» гезити ж-а «Кыргызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. К. көп жашаган калктуу конуштарда баштапкы жамааттары түзүлгөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу Казактарынын республикалык уюму» Россия К. союзунун бир бөлүгү ж-а Сибирь, Урал, Оренбург ж-а Жети- Суу К-ынын эл аралык уюмунун мүчөсү.
Ад .: Ист ория каз аче ства а зиа тск ой России. Екатеринбург, 1995. т. 1–3; Российское казачество / Отв. ред. Т. В. Таболина. М., 2003.