КАЗАКТАР 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКТАР – у л у т , Казакстан Респ-нын жерг. калкы. РФ, Өз­бекстан,

Түркмөнстан, Кырг-н (42,6 миң киши), Украина, Тажикстан, о. эле Кытай, Моңголия, Түрки я, Иран, Афганстанда да жашашат. Жалпы саны 12 млн киши, а. и. Казакстанда 8 млн (2008). Казак тилинде сүйлөшөт. Ислам динин тутушат. 1925-ж. чейин К. кыргыз-кай­сактар деп жаңылыш аталып келген. К-дын этностук негизине Казакстан ж-а О. Азия аймагында жашаган жерг. ж-а көчмөн уруулар (сак, усун, алан, түргөш, карлук, огуз, кыпчак, кидан, найман, керей ж. б.), о. эле моңголдор зор таасир тийгизген. Б. з. 1-миң жылдыгынын 1-жа­рымында Казакстан аймагында хунн ж-а түрк тилдүү уруулардын миграциясына байланыштуу түрктөштүрүү процесси жүргөн. К-дын өзүнчө калк болуп калыптанышына 13-к-да башталган моңгол чапкыны көп тоск оолдук кылган.
Чыңгызхан өлгөндөн кийин 13-к-дын ортосунда К. Алтын Ордо мамлекетине караган. 14-к-дын аягы–15-к-дын башында Алтын Ордо кулап, анын ордуна Ногой ордосу, Өзбек хандыгы орногон. 15–16-к-да бирде өзбек, бирде казак аталып жүрүп, 15-к-дын 50-жылдарынан «казак» деген этностук аталыш пайда болгон. 15-к-дын 2-жарымында Казак хандыгы түзүлүп, К. элинин калыптануусу аяктаган. Казак эли үч жүздүккө бөлүнгөн. Улуу жүзгө (Жети-Суу) – сарүйсүн, дулат, каңды, албан, суан, жалайыр, чапырашты, очокту, ысты, сиргели уруулары; Орто жүзгө (Борб. Казакстан) – аргын, найман, кыпчак, кереит, уак, коңурат уруулары; Кичүү жүзгө (Батыш Казакстан) – жети уруу (кердери,


керейт, табын, тама, жагалмайлы, төлө, рама­дан), али уулу (кара кезек, кара сакал, кете, төрт кара, шөмекей, шекти) ж-а бай уулу (адай, жаппас, алаш, байбакты, малкар, бериш, таз, эсентемир, тана, кызыл курт, шеркеш, ысык) ж. б. уруулары кирет. К. 19-к-дын 60-жылда­рында Россиянын курамына (1731-ж. Кичүү жүз, 1740-ж. Орто жүз ж-а Улуу жүз К-ынын жа­рымы) кирген. К. мал чарба ж-а дыйканчылык м-н кесиптенишип, боз үй (түштүгүндө бийик, түндүгүндө жалпак чамгарактуу), таштан, ка­мыштан же жыгачтан тургузулган боз үй сымал үйдө (шошала, тошала), о. эле жер төлөлөрдө жашашкан. К-дын салттык кийими негизинен төө жүнүнөн, о. эле кой жүнү, кийиз ж-а бул­гаарыдан даярдалган. Эркектер тик жакалуу көйнөк, багалеги кенен ыштан ж-а бешмант, чапан, башына топу, калпак, тебетей, тумак кийип, белине кур курчанган. Улгайган аялдар ак же күңүрт, жаштары ачык түстүү көйнөк кийип, башына кыздар шөкүлө, улгайгандары элечек кийишип, кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы – негизинен дан, эт, сүт азыктары.