КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ
КАЗАК САРЫ-АРКАСЫ , Б о р б о р д у к К аз а к с т а н С а р ы - А р к а с ы, С а р ы -А рк а – Казакстандын борб. ж-а чыгыш бөлүктөрүндөгү түздүк-дөңсөөлүү зор аймак; айрым жерлеринде жапыз тоо массивдери, кырка тоолор бар. Торгой коосу м-н Алтай тоолорунун аралыгында. Мелүүн алкактын талаа ж-а жарым чөл зоналарында жайгашкан. Уз. 1200 км, туурасы 400–900 км. Батыш бөлүгү – өтө түзөңдөлгөн пенеплен, деңиз деңг. орт. бийикт. 300–

500 м. Мында эки жапыз тоо массиви – батыш жагында Улуу-Тоо (бийикт. 1113 м), түндүгүндө Көкчө-Тоо (Синюха тоосу, 947 м) көтөрүлүп жатат. Сары-Арканын чыгыш бөлүгү көтөрүңкү келип (500–1000 м), кокту-колоттуу. Анын борборунда Каркаралы тоосу (1403 м), чыгышында Чыңгыз-Тоо (1469 м) ж-а Сары-Арканын эң бийик тоосу – Кызыл-Тас (Аксоран массиви, 1565 м) орун алган. Салыштырмалуу бийикт. 500–600 мден ашпаган жапыз тоо массивдери дөбө-дөңсөөлүү ж-а жалдуу (салыштырмалуу бийикт. 10–50 мден 100 мге чейин) күдүрлүү түздүктөр – сары-аркалар м-н курчалган. К. С.-А. геол. жактан Урал-Моңгол геосинклиналь алкагына кирет. Ал палеозойдун дисклокацияланып метаморфизмделген сланец, кварцит, кумдук ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн. Алар мезозой-кайнозойдун чөкмөлөрү м-н жабылып жатат. Көп бөлүгүн интрузия (гранит, диорит, порфирит) ж-а эффузия (туф) тоо тектери ээлейт. Батыш бөлүгү каледон, чыгышы герцин бүктөлүү структураларына кирет.
Климаты континенттик, түштүктү карай кескин кургакчыл боло баштайт. Январдын орт. темп-расы –14°С…–18°С, июлдуку 20–24°С. Кышында –40°Сге чейин суук, жайында 35°С ж-а андан ысык болот. Жылдык жаан-чачыны 200– 300 мм. Жайында кургакчылык, чаңдуу бороон ж-а керимсел болуп турат. К. С.-А. Иртыш д-нын алабы м-н Борб. Азия ички агымынын суу бөлгүчү болуп саналат. Ири дарыялары: Ишим (Иртыштын алабы), Нура, Сары-Суу. Көлдөрү көп, эң ирилери – Тенгиз (тайыз, бирок туздуу көл) ж-а Кургалжын. Түн. бөлүгүндө бетеге, ак кылкандуу талаа, түштүгүндө жарым
чөл өсүмдүктөрү өсөт. Бул аймакта таш көмүр (Караганды, Экибастуз бассейндери), темир (Атасуу), жез (Жезказган, Коңурата), марганец рудалары, алтын, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. бар. Дөңсөө негизинен жайыт катары пайдаланылат; айрым жерлери айдалат.
Ад.: Сваричевская З. А. Геология Казахстана и
Средней Азии. Л., 1965; Гвоздецкий Н. А., Николаев В. А. Казахстан. М., 1971.