КАЗАК ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАК ТИЛИказактардын тили. Казакстан Респ-нын мамл. тили. Түрк тилдеринин кып­чак тобуна кирет. К. т. түн.-чыгыш диалекти­нин негизинде калыптанган. Жазма эстеликте­ри 19-к-дан башталган. К. т-нин негизги өзгөчө­лүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбы­шынын ордуна «ш» тыбышы (мис., кач – каш), «ш» тыбыштын ордуна «с» тыбышы (мис., кыш – кыс ж. б.); «й», «дж», «с», «ч» тыбыш­тарынын ордуна «ж» тыбышы (йук – жок, суоz, чоz – жоz) колдонулганы м-н айырмаланат. К. т. адегенде араб, кийин латын алфавитинде бол­гон. 1940-жылдан орус графикасындагы алфа­витке өткөн. К. т. Кырг-н, Өзбекстан, Түркмөн­стан, Россия мамлекеттеринин айрым аймак­тарына ж-а Кытай, Моңголия, Иран, Афган­стан, Пакистан, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө тараган. К. т-нде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 13 млнго жакын (2009). Морфол. жагынан кыр­гыз тилине окшош. Синтаксистик өзгөчөлүгү б-ча К. т-нде атоочтук ж-а чакчыл түрмөктөрдүн негизинде уюшулган сүйлөм конструкциялары кеңири к олдонулат. Жөнөк өй ж-а тат аал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы бай­ланыш чектелген. К. т-нин лексикалык туту­мун жалпы түрк сөздөрүнүн катмары ж-а аз сан­дагы араб, тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр түзөт. Сов. мезгилде орус ж-а европ. тилдерден көп сөз кирген. Адабий тили 15–19-к-да калыпта­нып, адабий тилинин негиздөөчүсү Абай Кунан­баев болгон.