КАЗАК ХАНДЫГЫ
КАЗАК ХАНДЫГЫ (болжол м-н 1456–1847) –
казак элинин алгачкы мамл. курамы. 1465– 66-ж. Жаныбек хан (Чыңгыз хандын тукуму Барак хандын уулу) бир тууганы Керей экөө Абулхайр хандан (көчмөн өзбектер) бөлүнүп, Моголстанга көчүп кетиши К. х-нын түзүлүшүнө
өбөлгө түзгөн. Эсен-Бука хан аларга Чүй өзөнүнүн төмөн жагындагы Козу-Башы деген жерди берген. Абулхайр хан өлгөндөн кийин, анын улусу бириндеп, элинин көбү Жаныбек м-н Керейге келип, алар «өзбек-казактар» деп атала баштаган. Керей, Бурундук, өзгөчө Касым хандарынын (1503/11–1518) учурунда калкы 1 млнго жеткен К. х. Дешти-кыпчакты кучагына алган. Тахир хандын (1523–33) тушунда казактардын саны азайган ж-а ал бир нече жолу кыргыздарга келип, баш калкалоого аргасыз болгон. Мухаммед Хайдар Дулати «Тарих-и Рашиди» деген эмгегинде Буйдаш хандын тушунда казактар (20 миң ) азайып, ал өлгөндөн кийин Моголстанда казак калбаганын жазган. Акназар (1538–80), Шыгай (1580–82/86), Тобокел хандардын (1586–98) тушунда К. х. калыбына келип, Эшим хандын (1598–1628/45) Турсунду (катаган ханы) жеңиши м-н кайрадан күчүнө кирген. 17–18-к-дагы Жуңгар хандыгынын чабуулдарынан К. х. чыгыш, түш.-чыгыш аймактарынан ажыраган. К. х. үч жүзгө (17-к-дын аягында), жүздөр өз алдынча бир нече хандыктарга бөлүнгөн (18-к-дын аягы–19-к-дын башында). Кенесары хандын өлүмүнөн (1847) кийин К. х. биротоло жоюлган.
Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследование о Касимовких царях и царевичах. СПб., 1864; Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих орд и степей. А., 1996; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; История Казахстана (с древнейших времен до наших дней). В пяти томах. А., 2000.