КАЗАЛ
КАЗАЛ (ар. газал) – чыгыш элдеринин лирикалык поэзиясына мүнөздүү ыр түзүлүшү. Ашыктык ырларынын өзүнчө формасы катары 5–6- к-да араб жазма поэзиясында пайда болгон. 9– 10-к-дан тартып фарс, тажик өзбек, уйгур азербайжан, түркмөн ж. б. түрк тилдериндеги классикалык ад-тта кеңири тараган. К. – баштан аяк бир өңчөй үндөштүктө (монорифмада) жаралчу ыр. К. жанрынын мотивин алгач сүйүү, айрылуу ж-а арман ырлары түзсө, кийин коомдук, социалдык, саясий, филос., этикалык, дидактикалык, сатирикалык ж. б. маселелерди да камтыган. Салт б-ча, К. эки бейттен он эки бейтке созулат (бул көлөмдөн ашканда К. касыйда жанрына ооп кетет). Адамдын ички дүйнөсүн сүрөттөөнүн чеберлери Рудаки, Саади, Хафиз, Жами, Низами, Физули ж. б. атактуу акындар К. жанрын өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген.
Чыгыш поэзиясынын таасири (котормо аркылуу) м-н К. формасына батыш европ. (И. Гёте, Ф. Боденштедт) ж-а орус (В. Брюсов, В. Иванов, И. Северянин) акындары да кайрылышкан. К. азыр да айрым элдердин (мис., өзбек, уйгур, азербайжан) поэзиясында учурайт. Кыргыз поэзиясында К. Улуу Октябрь рев-ясына чейинки жазгыч акындардын ырларын жалпысынан К. дешкен. Сов. доордогу кыргыз акындарынын ичинен К-ды К. Бобулов жазган.