КАЗАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАН – Россиядагы шаар, Татарстан Респ-нын борбору (1920-жылдан). Волганын сол жээгин-


Шаардын жалпы көрүнүшү.

де, ага Казанка д. куя бериште жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008); калкынын саны б-ча Рос­сиядагы 8-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Волга д-нын сол өйүзүндөгү ири дарыя порту. Т. ж. түйүнү. Метрополитен (2005-жылдан). Археол. изилдөөлөрдөн алынган маалыматтарга таян­сак, 10–11-к-да пайда болгон. Болгарлар тара­бынан 1177-ж. негизделген. 13-к-дын аягынан Булгараль-Жадид (Жаңы Болгар) деп аталган. 1438–1552-ж. Казан хандыгынын борбору. 1708– 1920-ж. Казан губерниясынын, 1920-жылдан Татар АССРинин (1990–92-ж. Татар ССРи, 1992- жылдан Татарстан Респ-нын) борбору. Машина куруу (самолёт, ЭВМ ж. б.), металл иштетүү з-ддору, хим, нефть-хим. (жасалма каучук, кинофото ж. б.), хим., фармацефтика, жеңил (мех., тери ж. б.), тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Татарстан ИА (1991), РИАнын Казан ил. борбору (1945, анын курамында орг. ж-а физ. химия, физика-техника, механика машина ж. б.), 29 мамл. ЖОЖ (а. и. Казан мамл. ун-ти, консерватория), китепканалар, музейлер, «Ка­зан» улуттук борбору, 6 театр (а. и. опера ж-а балет), цирк, филармония, обсерватория бар. К-дын 2005-ж. өткөрүлгөн 1000 жылдык юби­лейине карата бир нече заманбап курулуштар (а. и. Кул-Шариф комплекси ж. б.) курулган. Арх-ра эстеликтери: Кремль ансамбли (16– 18-к.), а. и. Сүйүмбеки мунарасы (17-к-дын ая­гы – 18-к-дын башы), Петропавловский собору (учурда планетарий, 18-к.), Маржан мечити (18-к.), Казан ун-тинин имараттар комплекси (19-к.). Жыл сайын эл аралык түрк элдеринин театр (1989), классикалык балет (1987), опера (1982), «Алтын Минбар» мусулман кино (2005) фестивалдары өткөрүлүп турат. 2005-ж. топ м-н ойнолуучу хоккей б-ча дүйнөлүк чемпионат өткөн.