КАЗАН-КУЙГАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАН-КУЙГАН – Нарын р-нундагы кыштак. Казан-Куйган айыл округуна караштуу. Кара- Кужур суусунун боюнда, тоо этегинде, деңиз деңг. 2255 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Нарын ш-нан 38 км түн. тарапта. Балык­чы т. ж. бекетинен 142 км. Кыштак 1915-ж. негизделген. Калкы 1070 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, тоют белендөөдө эмгек­тенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, оорукана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдө­рү, 2 тегирмен, мончо, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.