КАЗАРМАН
КАЗАРМАН – Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-нундагы кыштак, райондун борбору. Каргалык айыл округуна караштуу. Нарын д-нын боюнда, деңиз деңг. 1260 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад ш-нан 145 км. Багыш т. ж. бекетинен 106 км. 1916-ж. чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 9,1 миң (2009). Кыштакта 20-к-дын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташкан. Кийинчерээк жерг. калк ал жерди Казарман деп атап калган. Төрт орто мектеп, китепкана, кесиптик-тех. окуу жайы, иск-во мектеби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, мад-т үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бетон, бетон даярдоочу, нан, сүт з-ддору, механикалаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.