КАЗЕРТА
КАЗЕ́РТА – Италиянын түштүгүндөгү шаар.
Кампания обл-нун аймагында. Казерта провинциясынын адм. борбору. Калкы 84,2 миң (2008). Туризмдин борбору. Алгачкы тургун жайы 8-кда пайда боло баштаган. Ак сарай-парк комплекси, театр, 5-тектирчелүү 3 ризалиттүү сарай фасады (уз. 252 м) бар. Комплекстин борборунан канал кетип (уз. 3 км), тоонун этегинде паркка чейин созулуп, Неаполго кетчү жолду кесип өтөт. Анын курамына англ. ботаник Э. Грэфер уюштурган экзотикалык өсүмдүктөрү м-н өзгөчө кооздук берген парк да кирет. Резиденцияны суу м-н камсыз кылуу үчүн акведук (1753–69) курулган. Король Фердинанд IV ачкан жибек ф-касы кийинчерээк Сан-Леучо
чеберлеринин королдук колониясына айланган. Ак сарай, парк, акведук ж-а Сан-Леучо Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жибек кездеме өндүрүшү, цемент, тамеки, шарап, зайтун майын сыгуучу ө. ж. ишканалары иштейт.