КАЗЫ
КАЗЫ – 1) мусулман өлкөлөрүндө укуктун ж-а үрп-адаттардын негизинде иш алып барган адам (укук таануучу). О. кылымдарда К-лар документ күбөлөндүрүүчүнүн (нотариус) милдетин аткарып, жетимдерди кароого алышкан же алар үчүн көз салуучу адам дайындашкан; жарандык, кылмыш иштери б-ча өкүмдөрдүн аткарылышын көзөмөлдөп, сот иштерин жүргүзгөн, о. эле диний кызматтарды да аткарган. Мусулман укугуна байланыштуу иштерге (сот иши) К-дан башка муфтий ж-а аглямдар кирген. К-нын кызматы жогорку катмарга таандык болуп, мамлекеттен айлык алган. Медресени бүтүп, мусулман укугун өздөштүргөн, муфтийлердин сынынан өткөн адам хан тарабынан К-лыкка дайындалган. 19-к-да О. Азия хандыктарында К. сот системасынын түзүлгөнүнө байланыштуу К.-калян (жогорку сот), К.-кузат (улук сот), К.-аскер соту, К.-раис болуп бөлүнгөн. Айрым учурда К-лар үй-бүлө, дин ж-а мурастоо иштерин кароо м-н чектелген. Египет, Тунис, Түркия ж. б. мусулман өлкөлөрүндө шарият сотторунун жоюлушу м-н К. ин-ттары жабылган. 1927–28-ж. О. Азияда, а. и. Кырг-нда К. соттору биротоло жоюлган; 2) мусулман башкаруучуларынын казатта (к. Газават) эрдик иштери үчүн алган ардактуу титулу.
А. Абазбеков.