КАЗЫБЕК
КАЗЫБЕК Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к аз а л ч ы (1901, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Чет-Келтебек жайлоосу – ө. ж. б.) –
казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Атасы Мамбетемин үч жыл болушка катчы болуп, анан бий шайланган. Атасы К-тин ырчылык жөндөмшыгын байкап, ырдаганына каршы чыгып, катуу тыюу салган. 1929-ж. бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы м-н бирге), Оренбург ш-на айдалган. К-тин ырчылык өнөрү сов. түзүлүштүн орношу, бай-манаптын өкүлү катары сүргүнгө айдалышы м-н чыккан. Сүргүнгө айдалгандар жөө-жалаңдап Оренбургга баргандан кийин «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол кездеги мыйзамга ылайык 1930-ж. бошотулуп, Ак-Талаадагы кайындарына келип туру п калган. Эл кадырлап күтүп, баркы көтөрүлүп турган учурунда араздашкан эки уруунун капшабы м-н кайрадан күнөөлөнгөн. 1931-ж. өз айылына келип, ошол эле жылы басмачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. Какшаал жергесинде качкын абалында үч жылга жакын жашап, 1934-ж. Кытайдан кайра Кырг-нга өтүп келе жатканда кармалып, 1935-ж. атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө м-н алмаштырылып, Өзбекстандын Чирчик деген жеринде түрмөдө болгон. Анын кайтыш болгону ж-дө карама-каршылыктуу маалыматтар айтылат. Бирлери совет бийлигин, Октябрь рев-ясын мактаган ырларынын аркасы м-н түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, жолдо келе жатканда каза болгон дешсе, айрым маалыматтарга, айрыкча ырларындагы кээ бир маалыматтарга караганда 1938-ж. каза болгон. Анын бүткүл өмүрү кордук, ачуу ыза, эл-жерден алыста арман м-н өтүп, тубаса талантын толук ачып бере албай, мүмкүнчүлүгүн
өзү каалагандай жүзөгө ашыра албай кеткен. Анын «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. К-тин дээрлик бүт өмүрү эли-жеринен алыста жапа чегип, жабыр тартуу м-н өтсө, анын казалдары да андан өткөн оор тагдырга кабылган. Совет мезгилинде анын ырларын айтмак түгүл, атын атаганга тыюу салынган. Ошондой болсо да анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин эл арасында оозеки сакталып, түшүнүктүүлүгүнөн, жугумдуулугунан улам ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк таап келатат. Ысмы өзү туулган айылга ж-а Ат-Башы айылындагы орто мектепке берилген.
Ад.: Казыбек. Б., 2007.
Ы. Кадыров.