КАЗЫБЕКТИН КАЗАЛДАРЫ
КАЗЫБЕКТИН КАЗАЛДАРЫ – кыргыз жергесине совет бийлиги жаңыдан орной баштаган мезгилде бай-манаптарды кулакка тартып, абакка салып, сүргүнгө айдап турган кыйын кезеңдерде Казыбек Мамбетемин уулунун моноримде (саптары бир уйкаштыкта) жаралган ырлары. Жазма да, оозеки да түрдө К. к. деген ат м-н кыргыз элине кеңири тараган. Азыркы күнгө чейин толук изилдене элек. Эл-журтту сагынуу, бейпил-жыргал турмушту эңсөө, эркиндикти самоо, адилетсиздикке нааразылык, түрмөдөгү кордук турмуш, жол азабы, чоочун чет жер ж. б. К. к-нын негизин түзөт. К. к. турмушка, жашоого, башка түшкөн азапка карата сабырдуулук көрсөтүү, оорчулукту көтөрүү, жашоо маңызын акыл элегинен, дил сезиминен кайра баштан өткөрүү сыяктуу филос. ой-толгоолору, оптимизм, жеринин кооздугун даңазалоо, коомдогу болуп жаткан окуяларды таасын байкап, элестүү чагылдыруусу м-н элге жакын болгон. Казыбектин ырлары башка акындардын чыгармаларынан айырмаланып, эл ичинде казал деп аталат. Жалпы адабият таануу илиминде казал формасы ашыктык ырларынын өзгөчө формасы катары биринчи жолу б. з. 5–6-к-да араб жазма поэзиясында пайда болгон делет. Бирок мындай монорим ырлар байыркы кыргыздарда б. з. ч. мезгилдерде эле болгонун, анын жалпы кыргыз поэзиясында басымдуулук кылганын эстен чыгарууга болбойт. Ал эми К. к-нын жеңил темп м-н баштан-аяк бир ыргакта айтылышы Казыбектин чыг-лыгынын кайталангыс өзгөчөлүгүн түзөт.
Ы. Кадыров.