КАЗЫК ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫК ӨРӨӨНҮ Алайкуу кырка тоосунун ба­тышында, Кара-Кулжа р-нунун аймагында. Уз. 40–50 км, туурасы 10–15 км. Орт. бийикт. 2600 м. Тоголок-Таш, Карачомолок, Кызыл- Агын, Миң-Теке, Бугу-Булак ж. б. тоолор м-н бөлүнгөн үч өрөөндөн (Чоң Казык, Кичи Казык, Орто Казык) турат. Жогорку бөлүгү жазы, төмөн жагы кууш капчыгайлуу. Негизинен силур м-н девондун акиташ теги, сланец, гранит, гнейс тек­теринен турат. Жайы салкын (июлдун орт. темп­расы 15°С), кышы суук (январдыкы –13°С). Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Суулары: Чоң Казык, Орто Казык, Кичи Казык. Токой­луу талаа (2100–2300 м), токой (2300–2900 м), субальп (2900–3200 м) ж-а альп (3200–3900 м) шалбаалуу талаа ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.