КАЗЫНАЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫНАЧЫЛЫК (казначейство; англ. exche- duer) – финансы министрлигинин курамында­гы же ага караштуу атайын мамл. орган. АКШда К. финансы министрлигинин департаменти‚ Францияда финансы министрлигинин К. баш­кармалыгы катары иштейт‚ Улуу Британияда финансы министрлигинин курамына кирет. Россияда 1863-жылдан уюшулган‚ кийин фи­нансы министрлигинин курамында департамент болуп түзүлгөн. CCCРде мамлекеттик бюджет­тин кассалык милдетин CCCР Мамбанкы ат­карган. Кырг-нда КР Финансы министрлигинин К-ы Кыргыз Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февра­лындагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде казыначылыкты түзүү жөнүн­дө» ж-а 1994-жылдын 24-мартындагы «Кыр­гыз Республикасынын Финансы министрлигин­де Борбордук казначылыкты жана анын регион­дук бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык түзүлгөн. К-тын негизги милдеттерине мамл. бюджеттин долбоорун түзүү ж-а анын аткарылышын башкаруу‚ мамлекеттик карыз­ды‚ мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссия­сын башкаруу кирет. К. салыктын‚ бажы алы­мынын ж. б. бюджетке түшүшүн көзөмөлдөйт ж-а бекитилген ассигнованиелерге ылайык бюд­жеттик каражаттарды берет.