КАЗ СЫМАЛДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЗ СЫМАЛДАР (Аnzeriformes) – сууда сүзүүчү куштар түркүмү. Бутунун, булчуңдарынын, таңдай, колко, тамак сиңирүү мүчөлөрүнүн ж. б. түзүлүшүнө карата 2 түркүмчөнү (паламедея ж-а каздар) бириктирет. Алар сырткы түзүлүшү ж-а биологиясы б-ча ар түрдүү. Паламедеялар түркүмчөсүнүн өкүлдөрү – байыркы ж-а өтө жөнөкөй куштар. К. с-дын өрдөктөр тукумунун түрлөрү жер бетинде кеңири таралган. Кырг-нда 26 түрү (чумкугучтар, кадимки өрдөктөр, арам өрдөк, каздар ж. б.) бар. Сууда жакшы сүзөт, жерге, бак-дарак, аска, жарлардын коңулдарына, ийинге уялап, 20га чейин жумуртка тууйт. Көпчүлүгү тропик, субтропик ж. б. жылуу жактарга барып кыштайт.