КАЗ ТАМАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗ ТАМАНДАР (Geraniaceae) – эки үлүштүү өсүмдүктөр тукуму. Бир же көп жылдык чөп,

чанда чала бадал же майда, калың жалбырактуу ба­дал. Көбүнчө ме­лүүн алк ак тарда т арал ган. Б и р жылдыктарынын ичке өзөк тамыры бол от . Тал аада, чөлдө өскөн көп жылдыктарынын түймөк тамырын­да азык зат сак­талат. Токойдо, шалбаада өскөндө-


рүнүн тамыр-сабагы жакшы өөрчүгөн, кошумча тамырлары бар. Сабагы тик өсөт, жалбырагы жөнөкөй же татаал, сабакка кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү кооз, кызыл же кы­зыл көк, эки жыныстуу, 5 мүчөлүү. Мөмөсү – урукча. 10дой урууну, 800гө жакын түрдү кам­тыйт. Эң чоң уруусу – каз таман (400 түрү бар), пеларгония (250 түр) ж. б. Алар Жер ортолук деңиз жээгинде, Крым, Кавказ, Европа, Афри­ка ж-а Борб. Азияда таралган. Кырг-нда каз таман, пеларгония ж. б. урууларынын 19 түрү өсөт. Кызгылтым пеларгония эфир майын алуу үчүн өстүрүлөт. К. т-дын жалбырагынан, гүлүнөн алынган май парфюмерия, самын, тамак-аш ө. ж-нда кымбат баалуу роза майынын ордуна пай­даланылат. Пеларгониянын бир нече түрү үйдө ж-а гүльзарларда кооздук үчүн өстүрүлөт.