КАИМОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАИМОВ Касым (6. 3. 1926, Талас р-ну, Арал айылы – 13. 7. 1989, Бишкек) – жазуучу, Кыр­гыз ССР мад-тына эмг. сиң. ишмер (1976). Фрун­зедеги мугалимдер ин-тун (1945), КМУнун фи-

лология ф-тин (1955) бүтүр­гөн. Таласта райондук ге­зиттин жооптуу секретары (1942–43), обл. «Лениндик туу» гезитинде түрдүү кыз­маттарда (1949–52), «Жаш ленинчи» журналында бө­лүм башчы, «Кыргызстан пионери» гезитинин жооп­туу секретары, редактору (1953–56), «Чалкан» (1956– 59), «Ала-Тоо» (1959–63) журналдарында редактор, «Кыргызфильм» сту­диясынын сценарий б-ча редколлегиясынын (1963–68), «Кыргызстан маданияты» гезити­нин (1968–73) башкы редактору, 1973-жылдан Кырг-н жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген. Чыг-лыгын 1942-ж. ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. 1955-ж. жарыкка чыккан «Соңку жолугушуу» деген алгачкы китеби жазуучуну чыг-лык максатын эркин туюнта алган калемгер катары тааныткан. К. – «Адашуу» (1957), «Мектеп жолунда» (1958), «Талаа жылдызы» (1964), «Бири бирине окшо­богон күндөр» (1968), «Кыш ыргактары» (1973), «Белгилүү эркек» (1975), «Ийри жылан» (1978) повесть, аңгеме, драмалар жыйнактарынын ав­тору. Атай Огомбаевдин өмүр жолун көркөм сүрөттөгөн идеялык-эстетикалык табылгаларга бай «Атай» (1961, 1969, 1979), «Акырын күтпө» (1984) романдары, «Тандалган чыгармалары» (1976, 1984) жарык көргөн. К. назик юмор, ты­мызын какшык, жайдары күлкү жарата бил­ген аңгемечи, сюжет курууга уста, жандуу об­раз түзүүгө чебер, көп кырдуу жазуучу болгон. Орус тилинде К-дун «Ночь на перевале» (1958), «Атай» (1968), «Маршруты дружбы» (1970), «Степная звезда» (1972), «Жажда» (1985) жый­нактары чыккан. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.