КАИР КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАИ́Р КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1943) Каирде 1943-ж. 22–26-ноябрда өткөрүлгөн. АКШнын Президен­ти Ф. Рузвельт, Улуу Британиянын премьер­министри У. Черчилль, Кытайдын Гоминьдан өкмөтүнүн башчысы Чан Кайши, алардын со­гуш ж-а саясий маселелери б-ча кеңешчилери катышкан. К. к-нда кабыл алынган Деклара­цияда (1943-ж. Тегеран конф-ясында аны м-н Совет өкмөтү таанышкандан кийин 1943-ж. 1- декабрда жарыяланган) АКШ, Улуу Британия ж-а Кытайдын өкмөттөрү «...башка жерди басып алууга умтулбастыгын ж-а аймактык эк­спансия ж-дө ниеттенбестигин» салтанаттуу билдиришкен. Анда союздаштар Японияны басып алган бардык аймактарынан, а. и. 1-дүй­нөлүк согушта (1914–18) ээлеген Тынч океанда­гы аралдардан ажыратууга талапкердигин көрсөтүшкөн. Декларацияда Япония Кытайдан алган бардык аймактарды (Манжурия, Формо­за, Пескадор ж. б. аралдар) Кытай Респ-на кай­таруу талап кылынган. Декларацияда «тиешелүү убакта» Кореяга боштондук ж-а анын көз ка­рандысыз мамлекет болушуна укук берүү ж-дө айтылган, бирок ал белгисиз мөөнөткө калты­рылган. К. к-нда Тынч океандагы согуш ара­кеттери ж-а союздаштардын Европадагы стра­тегиясы да каралган. АКШ м-н Улуу Британия­нын кийинки аракеттери К. к-нын чечимдери­не карама-каршы экендигин көрсөттү. Япония­нын капитуляциясынан кийин (2-сентябрь, 1945) англ. аскерлер кайрадан Сянганга (Гон­конг) киргизилген. 1950-ж. АКШ Корея Элдик Демокр. Респ-на ж-а Кытайга кол салып, Кы­тайдын Тайвань а-н ж-а Пэнхуледао а-н басып алган. Натыйжада К. к-нын чечимдери бузулган.


Ад.: Боратынский С. Дипломатия периода второй мировой войны. Пер. с польск. М., 1959; Исраэлян В. Л. Антигитлеровская коалиция [1941–1945]. М., 1964, гл. 15.