КАЙЕННА
КАЙЕ́ННА – Гвиананын (фр.) адм. борбору, шаар. Кайенна д. Атлантика океанына куйган жерде жайгашкан. Калкы 68,9 миң (2008; агломерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту [жылына 650 миң т (сыртка негизинен консерваланган креветка, ром, жыгач чыгарат; 2006) контейнер терминалы]. Эл аралык аэропорту бар. К. 1643-ж. француздар Ла-Равардье деген ат м-н негиздеген. 1777-жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. 1817-ж. толугу м-н Франциянын карамагына өткөн. 18-к-дын аягы. 20-к-дын 1-жарымынан саясий сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланып келди. Колониялык доордун курулуштары (креолдордун үйлөрү) сакталып калган. Ин-ттар (а. и. Пастердин, Гвиана ил.-из.), Гвиана Антил ун-тинин филиалы, китепканалар, музейлер бар. Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын 85% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Ром өндүрүлөт. Тамак-аш (деңиз продуктуларын консервалоо), жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Жыл сайын январдан апрелге чейин дүйнөдөгү эң ири карнавалдардын бири өткөрүлөт. К-дан 50 км алыстыкта Куру космос борбору ж-а космодрому (1968; Франция юрисдикциясында турат) жайгашкан.