КАЙКИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЙКИН Василий Матвеевич [9. 6. 1910, Жети- Суу обл., Пржевальск уезди (азыркы Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Түп кыш.) – 30. 1. 1945, Герма­ния, Альткессель т. ж. бекети] – гвардиянын

улук сержанты, Сов. Союз. Баатыры (27. 2. 1945, өл­гөндөн кийин). 1942-жыл­дан Сов. Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта Кызыл Туулуу Мозырь гвардиялык атчандар дивизиясынын 54- гвардиялык атчандар пол­кунун пулемёт расчётунун команди ри. Стал инград, Борб. ж-а 1-Белорус фронт­торунда салгылашкан. К-дин расчёту Одерден өтүүдө (1945, 29-январь) жоо­нун 6 чабуулунун мизин кайтарган, душманды коргонуп жаткан жеринен кууп чыгып, эскад­рондун дарыядан өтүшүнө шарт түзгөн. Альт­кессель т. ж. бекетин алуу үчүн салгылашта 100дөй фашистти жок кылып, душмандын ок­дары жүктөлгөн 7 автомашинасын талкалаган. Ок-дарысы түгөнүп, душмандын курчоосунда калганда, танкага каршы гранатаны жарып, душманды кырган ж-а өзү да курман болгон. 2 жолу 3-даражадагы Даңк, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Түп кыш-нда К-ге эстелик тургузулган. Анын ыс­мында мектеп, көчө бар.