КАЙМАН АРАЛДАРЫ
КАЙМАН АРАЛДАРЫ Улуу Британиянын ээлиги. Ямайка а-нан түн.-батышта, Кариб деңизиндеги Чоң ж-а Кичи Кайман, Кайман-Брак а-н ээлейт. Аянты 259 км2. Калкы 54,4 миң (2008); вест-индиялык негрлер м-н мулаттар (60%ке жакын), европалыктар (20%) ж-а башка топтогулар (20%тен ашык) жашайт. Алгач аралга ямайкалыктар отурукташкан. Кичи Кайман ж-а Кайман-Брак а-нда туруктуу отурукташуу кийинчерээк 1833-жылдан башталган. Негизинен христиан динин (85,2%) тутат. Расмий тили – англис тили. Борбору – Жоржтаун. Акча бирдиги – Кайман доллары. Ири шаарлары: Жоржтаун (калкы 13 миң), Вестбей (3900), Боддентаун (1600).
Аралды Улуу Британия королевасы дайындаган генерал-губернатор башкарат; о. эле Аткаруу кеңешин ж-а Мыйзам чыгаруу ассамблеясын жетектейт. Азыркы конституциясы 1972-ж. кабыл алынган.
Аралдын жеринин бети түздүктүү (эң бийик жери Кайман-Брак а-ндагы Блафф тумшугу, 43 м) келип, акиташ тегинен туруп, шуру рифтери м-н курчалган. Жээктерин мангр өсүмдүктөрү ээлейт. Карст өнүккөн. Тектон. жактан Антил- Кариб облусуна кирет. Климаты тропиктик, пассаттык. Жаан-чачындуу ж-а жылуу мезгили майдан ноябрга, салыштырмалуу кургак ж-а салкын мезгили ноябрдан майга чейин созулат. Айлык орт. темп-расы 21–26°С, кышкысын 20°С. Деңиз суусунун темп-расы 27–28°С. Жылдык жаан-чачыны 3000 мм. Июлдан декабрга
чейин тропиктик катуу шамал (ураган) болуп турат. Агын суулары жок. Жамгыр суулары жасалма резервуарларда топтолот. Кээ бир жерлеринде мелүүн нымдуу дайыма жашыл токойлор сакталып калган. Жээктеринде пальма кездешет. Коргоого алынган 4 табигый аймак (аянты 437 га) түзүлгөн. 1986-жылдан деңиз резерваттар системасы ж-а улуттук парктар уюшулууда.
К. а-н 1503-ж. Колумб жетектеген экспедиция ачкан. 1530-ж. таш бакалардын көптүгүнөн Лас-Тортугас деп аталган. 1662-ж. Англия басып алган. Мадрид келишими б-ча 1670-ж. Испания Англияга берген. 1863–1962-ж. Ямайканын курамында болгон. 1959-ж. Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. 1962-жылдан Улуу Британиянын башкаруусунун алдында. Экономикасынын негизин туризм (туристтердин 85%и АКШдан келет) м-н финансы иштери түзөт. Аралдын ИДПсинин көлөмү 1,94 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 43,8 миң доллардан туура келет (дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири ж-а элинин жашоо деңгээли б-ча да эң жогорку баскычта турат). Тейлөө чөйрөсүндө калктын 95%и, ө. ж-нда 3,2%и, а. ч-да 2,3%и эмгектенет. Экономика жаатында эмгектенгендердин 50%и чет өлкөлүктөр (2005). 1998-жылдан оффшордук борбор [83,5 миң компания катталган (2006), а. и. 9,4 миңи пай фонду, 300 банк, 800 камсызданды-

руучу ж-а 160 траст (ишенич) компаниялары]. К. а. – дүйнөдөгү алдыңкы банк борборлорунун бири. Аралда дүйнөдөгү эң ири 50 банктын 40ынын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. 21-к-дын башынан К. а-нда катталган банктардын саны алардын биригишинен азайганы м-н түшкөн киреше көбөйүүдө (2006-ж. 1,41 трлн доллар; 2002-ж. 0,96 трлн доллар). Ө. ж. начар өнүккөн. 2005-ж. 400 млн кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 785 км. Чоң Кайман а-нда автобус каттайт. Автопаркы, эл аралык аэропорту (Чоң Кайман а-нда) бар. Деңиз порту. Соода флотунда 124 кеме бар. Тамак-аш (негизинен а. ч. продуктулары беленделет, пиво ж-а суусундуктар), курулуш материалдар, эмерек ө. ж. ишканалары иштейт. Белек-бечкектер даярдалат. Азык-түлүктүн 90%и импорттолот. Помидор, цитрус, банан, манго, өсүмдүктөрү өстүрүлүп, баалуу жыгачтар даярдалат. Дайвинг, снорклинг, яхтинг, сёрфинг спорту өнүккөн. Суусу экзотикалык балыктарга бай. Сырткы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 733,5 млн доллар. Таш баканын чопкуту ж-а эти экспорттолот. Негизги соода шериктештери: АКШ, Ямайка (экспорт), АКШ, Нидерланддык Антил аралдары (импорт).
Ад.: Каймановы острова // Всё о странах мира. Атлас справочник. СПб, 2006; Каймановы острова // Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2008.
Р. Карачалова.