КАЙНАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙНАЛЫ , к а р а ө р ү к (Prunus) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы да­рак же бадал. Бийикт. 3–12 м. Жалбырагы эл­липс же ланцет сымал, гүлү ак же кызгылт. Мөмөсү бир данектүү. Апрель – май айларында гүлдөп, август–сентябрда бышат. КМШ өлкөлө-

Кыргыз сонуну.


рүндө 7 түрү белгилүү. Мөмөсүндө 9–22% кант, 0,14–1,43% орг. к-та, азоттуу зат, А, С, К ж-а В тобундагы витаминдер, минерал зат ж-а мик­роэлементтер болот: мөмөсү желет; кыям, шире, повидло ж. б. даярдалат. Кырг-нда К. негизи­нен Чүй өрөөнүндө, Ош обл-нда өстүрүлөт. Гек­тарынан 300 цден түшүм алынат. Суукка чы­дамдуу келет. К-нын Кырг-нда байырлашты­рылган сорттору: таттуу К., Ренклод Альтана, Кыргыз сонуну, Анна шпетт ж. б. Зыянкеч­тери: өрүкчү күбө, өрүк курту, калкан сымал жалбыракчылар ж. б. Илдеттери: мөмө чири­ги, церкоспороз, клястероспориоз, дат ж. б.