КАЙНАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙНАР – Талас обл-нун Кара-Буура р-нундагы кыштак. Көк-Сай айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 65 км батыш тарапта. Маймак т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 1364 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү, тегирмен иштейт.