КАЙРАГАЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ – Баткен обл-нун Лейлек р-нун­дагы кыштак. Бешкент айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 620 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Исфана ш-нан 72 км түн.-чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. бекетинен (Тажикстан) 50 км. Кыштак 1896-ж. негизделген. Калкы 2332 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.