КАЙРАГАЧ НЕФТЬ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАГАЧ НЕФТЬ КЕНИ Баткен обл-нун Лей­лек р-нунда, Сүлүктү ш-нан 18 км түндүктө, Кай­рагач өрөөнүндө. Жалал-Абад нефть чалгындоо экспедициясынын издөө ж-а бургулоо иштери­нин негизинде 1974-ж. ачылган. Нефть ортоңку палеоген мезгилинде пайда болгон катмарлар­дын IVб кабаты м-н байланышкан. Кабаттын калыңдыгы 1,95 м, уз. 2,8 км, туурасы 1,3 км, бийикт. 64 м. Биринчи ачылышында ¹ 7 бур­гулоо көзөнөгү б-ча нефтинин дебити 90 т/сут, ашыкча басымы 50 кгк/см2ди түзгөн. Кендин нефтиси жеңил, аз күкүрттүү, жогорку пара­финдүү. Тыгыздыгы –0,864 г/см2. 1997-ж. 1-ян­варга карата нефтинин иштеп чыгаруу запасы С1 категориясы б-ча 38 миң т. 1996-ж. кенден 1,4 миң т нефть алынган.