КАЙРА КУРУУ
КАЙРА КУРУУ (1985–91) – СССРде М. С. Горбачевдун демилгеси м-н жүргүзүлгөн саясий ж-а экон. реформалар. К. к-га партиянын эски кадрлары каршы турган, анткени бул система негизинен СССРдин тоталитардык системасын өзгөртүүгө багытталган. Маалымат каражаттары айкындуулук алып, саясий плюрализмге, кансыз согуштун аякташына, о. эле экономиканын, а. ч-нын кризисине, улуттар аралык чыр-чатактарга алып келген [к. Желтоксан (Декабрь) окуясы; Карабах жаңжалы (1988)]. Системалык кризистен чыгуу үчүн кескин чараларды көрүү талап кылынган. Мындай кырдаалда 1985-ж. 11-мартта КПСС БКнын Генералдык секретары болуп М.С. Горбачев шайланган. Жаңы башчы «өнүккөн социализмди» жаңылануу процессинен көргөн. Ушуга байланыштуу өлкөнүн экономикасын кайрадан куруп чыгуу концепциясын иштеп чыгуу каралган. 1985-ж. ичкиликке каршы өнөктүк башталып, күч колдонуу м-н арак-шарап чыгаруу азайтылып, жүзүмзарлар кыйылып жок кылынган. Жогорку бийликтегилер алмаштырылып, «кадрдык революция»
башталган. 1985–91-ж. КПСС БКнын мүчөлөрүнүн 85%и жаңыланган. Партия м-н өкмөт жетекчилигине жаңы адамдар: Н. И. Рыжков, Б. Н. Ельцин, Э. А. Шеварднадзе, А. Н. Яковлев ж. б. келишкен. КПСС БКнын 1987-ж. Январь пленумунун чечимине ылайык демократия ж-а айкындык жарыяланган. К. к. процесси театр, кино, телекөрсөтүүлөрдүн программаларына өз таасирин тийгизген. Сталиндик репрессиянын курмандыктарын актоо б-ча 1987-ж. А. Н. Яковлев жетектеген комиссия түзүлгөн. Комиссия 20–30-жылдары саясий процесстерде курман болгондордун иштерин карап чыккан. Курман болгондорду комиссия 1989-ж. толук актаган. О. эле а. ч-сын коллективдештирүү мезгилинде дыйкандарга болгон репрессия мыйзамсыз деп табылган. 1988-ж. партиянын бүткүл союздук 19-конф-ясынын чечимине ылайык бийлик партияга эмес, Советтерге тиешелүү болуш керек деп эсептелген. Бийликтин жогорку органы эл депутаттарынын съезди болуп калды. Ушул максатта Генералдык секретарынын ж-а СССР Жогорку Советинин төрагалык постторун бириктирүү каралган. 1989-ж. май айында эл депутаттарынын 1-съезди болуп, ал эбегейсиз зор коомдук кызыкчылык жараткан. Съездде ар түрдүү саясий фракциялар түзүлгөн. 1990-ж. март айында эл депутаттарынын кезексиз 3-съездинде М. С. Горбачев СССРдин Президенти болуп шайланган. Ушул эле съездде СССР Конституциясынын 6-статьясы алынып, бул статья өлкөнүн турмушунда КПССтин жетекчилик ролун мыйзам түрүндө бекиткен. Коомдук турмушту демократиялаштыруунун натыйжасында өлкөдө кыймылдар м-н партиялар пайда боло баштады. Коомдук саясий кыймылдардын эң барандуусу Элдик фронттор болду. Союздук респ-дагы Элдик фронттор [«Саюдис» (Литва),
«Рух» (Украина) ж. б.] өз элдеринин улуттук ж-а маданий кайра жаралуусу үчүн СССРден
чыгуу ж-дө талаптарды ачык эле коё баштады. 1985–91-ж-да КПССтин катарынан 5 млн адам
чыккан. Партияда консервативдик ж-а радикал
реформачыл топтор пайда болгон. Өлкөнүн экономикасын кризистен алып чыгуу үчүн Н. Рыжков, Г. Явлинский ж. б. өздөрүнүн программаларын сунуштап, кыска мөөнөттө менчиктештирүү жүргүзүп, рыноктук мамилелерге өтүү белгиленген. Президент М. С. Горбачев компромисстик вариантты тандаган. Улуттар аралык мамилелер кескин курчуп кеткен. 1989–90-ж-да союздук респ-ларда жогорку бийликке шайлоолор жүрүп, улуттук элитанын өкүлдөрү жеңип
чыккан. 1991-ж. 12-июнда Россияда президенттик шайлоо болуп, Б. Н. Ельцин жеңишке жетишкен. 1991-ж. жай мезгилинде Союздук респларда эгемендик ж-дө мыйзам кабыл алынып, респ. мыйзамдар жалпы союздук мыйзамдан жогору турат деп жарыяланган. Мындай шарттарда жаңы союздук келишим гана өлкөнүн биримдигин сактап калмак. Келишимге кол коюу 1991-ж. 20-августунда белгиленген. Кырг-нда К. к. процессинде бүтүндөй өлкө б-ча парт. жетекчиликти жаңылоо жүргөн. 1985-ж. чейрек кылымга жакын Кырг-н КП БКны жетектеген Т. Усубалиев кызматынан бошотулуп, ордуна А. Масалиев шайланган. 1989-ж. 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети Кыргыз тили ж-дөгү мыйзамды кабыл алган. Анда кыргыз тили мамл. тил деп жарыяланып, орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары таанылган. Респ-дагы ишканалардын, а. ч. өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар
өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1991-ж. 7-августта Кырг-нда рынок экономикасына өтүү б-ча мыйзам кабыл алынып, анда мамл. ж-а коммуналык ишканаларды ижаралык, мамл. акционердик ж-а коммерциялык коомдорго айландыруунун жолдору аныкталган.
К. Алымкулов.