КАЙРУАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРУАН – Тунистин түн.-чыгышындагы шаар. Калкы 102 миң (1999). К. магриб му­сулмандарынын зыярат кылуучу жайы. Шаар 670-ж. негизделген. 9-к-да Аглабиддер мам-

Кайруан. Чоң мечит. 670. 836–863-ж. кай­ра курулган.


лекетинин борбору болгон. 11-к-да бедуиндер шаарды бүлгүнгө учураткан. 1881-ж. француз ко­лониячылары басып алган. 1956-жылдан көз каранды эмес Тунистин курамында. Өлкөнүн маанилүү тарыхый, диний ж-а соода, кол өнөр­чүлүк борбору. Килем токуу, булгаары буюм­дарды жасоо ж-а тамак-аш ө. ж. өнүккөн. Түн. Африкадагы эң эзелки Сиди-Окба мечити (670- ж. курулуп, 836-ж. кайрадан салынган; бир нече жолу толукталып, 13- ж-а, 17-к-да, андан ки­йин да реставрацияланган) сакталган.