КАЙСЕРИ
КАЙСЕРИ – Түркиянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Кайсери илинин адм. борбору. Эржияс жанартоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 1050 м бийикте жайгашкан. Калкы 730,3 миң (2008). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгачкы тургун жайлар б. з. ч. 3-миң жылдыкта пайда боло баштаган. 1064-ж. селжук султаны Алп-Арслан тарабынан басып алынып, Коний (Рум) султандыгынын маанилүү борборуна айланган. 1243-ж. моңголдор ээлеген, 1515-ж. Осмон империясынын курамына кирген. Шаардын байыркы бөлүгү византия дубалдары (6-к.) м-н курчалган. Борб. бөлүгүндө бедестан (1497), көптөгөн мечиттер, медреселер, Гевхер-Несибе мед. борбору, Хунат-хатун комплекси, мавзолейлер, музейлер, ун-т (1978), жогорку мектеп (1893) ж. б. бар. Машина куруу (самолёт ж-а автомобилдерге тетиктер, тиричилик техникалары), металлургия, электр-тех., тамак-аш, текстиль, жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын зер буюмдарды жасоо) өнүккөн. Туризмдин (тоо лыжа спорту, альпинизм, жөө жүрүш, рафтинг) борбору.