КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР
КАЙТАЛАНБАС ЖАНА КАЙТАЛАНМА РЕАКЦИЯЛАР – хим. реакциялардын түрлөрү. Кайталанбас реакциялар реакцияга кирүүчү заттардын бирөөнү толугу м-н сарп кылганга чейин, б. а. аягына чейин жүрүп, чөкмө, газ же начар диссоциациялануучу заттарды пайда кылат., BaCl + H SO → BaSO + 2HCl. 2 2 4 4 Мындай реакцияларга углеводороддордун күйүүсү, жарылгыч заттардын ажырашы ж. б. кирет. Кайталанма реакциялар аягына чейин жүрбөйт, себеби реакция учурунда реакцияга кирүүчү заттар толугу м-н сарпталбайт. Натыйжада реакция карама-каршы багытта жүрүп калышы мүмкүн, мис., H2 + J2!:+2HJ. Реакциянын багыты реакцияга кирген заттардын концент-сына көз каранды. Системада пайда болгон заттардын концентр. баштапкы заттардын концентрациясынан аз болсо, реакция продуктунун пайда болуу багытында жүрөт, Ал эми концент. көп болсо, ал кайра ажырап, баштапкы затты пайда кылат: 2HJ→H2 + J2. Кайталанма реакциялардын теңдемелеринде барабардык белгиси эки багытты көрсөткөн белги м-н алмаштырылат. Реакциянын эки багытынын ылдамдыгы бирдей болсо, хим. тең салмактуулук абал түзүлөт.