КАЙТАЛАП ЭГҮҮ
КАЙТАЛАП ЭГҮҮ – 1) өсүмдүктүн түшүмү жыйналып алынгандан кийин, анын аңызына ошол эле жылы экинчи өсүмдүктү эгүү. Мурда эгилген н е г и з г и (толук бышып жетилгенде жыйналат), кийин эгилгени к о ш у м ч а же о р т о д о г у (физиол. жактан толук жетиле электе жыйналат) өсүмдүк деп аталат. Борб. Азия
м-н Закавказьенин сугат жерлеринде күздүк арпа жыйналгандан кийин, ошол эле аңызга кара күрүч, таруу же жүгөрүнүн эрте бышуучу сортторун эгип, 2-түшүм алынат. Бирок, көбүнчө экинчи айдалган өсүмдүк толук быша электе тоют
үчүн чабылат; 2) бир өсүмдүк түрүн бир нече жыл бою бир жерге кайталап эгүү. Мындай К. э. ыкмасы ондогон жылдар бою улантылса, отоо чөп, илдет, зыянечтер көбөйүп, жер арыктап, түшүм кескин төмөндөйт. Ошондуктан туура которуштуруп эгүү сунуш кылынат.