КАЙЧЫЛАШ ТҮЗ СЫЗЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫЛАШ ТҮЗ СЫЗЫКТАР – мейкиндикте­ги бир тегиздикте жатпаган, кесилишпей тур­ган, жарыш (параллель) эмес түз сызыктар. Эгер эки түз сызыктын бири тегиздикте жатса, экин­чиси биринчи түз сызыкка тиешелүү эмес чекитте тегиздикти кесип өтсө, анда берилген түз сы­зыктар кайчылашат. К. т. с. а ж-а b аркылуу бир гана түгөй параллель тегиздик a ж-а b (а∈α, b∈β) ж-а өз ара бири бирине перпендикулярдуу көптөгөн түгөйлөш тегиздиктер жүргүзүлөт.
Параллель эки α ж-а β тегиздиктин арасында­гы аралык К. т. с-дын ортосундагы аралык деп аталат. Эгер а, b, с түз сызыктары түгөйлөш К. т. с. болсо, анда 3 кыры берилген 3 түз сы­зыкта жаткан бир гана параллелепипед түзүлөт. Ал эми төрт а, b, с, d түз сызыктары түгөйлөш кайчылашса, анда ошол төрт түз сызыкты тең кесүүчү түз сызыкты түзүүгө болот.