КАЙЧЫ ГҮЛДҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЧЫ ГҮЛДҮҮЛӨР , к а п у с т а л а р (Brassicaceae, Cruciferae) – өсүмдүктөрдүн жабык уруктуулар тукуму. Көбүнчө чөп, кээде бадал же чала бадал. Жалбырагы кезектешип жай­гашкан. Топ гүлү көбүнчө чачыдай, эки жыныс­туу, 4 мүчөлүү, алар бири бирине кайчы жай­гашкандыктан, К. г. деп аталат. Мөмөсү – саа­дак же саадакча. Айрым түрүнүн мөмөсү – бир уруктуу, ачылбай турган жаңгакча. К. г. туку­мунун 500дөн ашык урууга кирген 3000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 130 уруусунун 800 түрү, Кырг-нда 68 уруусунун 200 түрү өсөт. К. г-дүн көпчүлүгүндө кескин жыттуу эфир майлары бо­лот. Алардын пайдалуу түрү көп. К. г. жашыл­ча (капуста, брюква, чамгыр, шалгам), май алуу үчүн (ындоо, кычы), тамакка жакшы кош даам, жыт берүү үчүн (хрен, кызыл гүл, катыраң, гор­чица), дары (койчу баштык), о. эле тоют, боёк алуу үчүн ж-а гүлзарларда кооз өсүмдүк катары өстүрүлөт.