КАЙЧЫ ТУМШУК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЧЫ ТУМШУК (Loхia) – куштардын мукурлар тукумундагы уруусу. Дене уз. 17 смге че-

йин. Астыңкы ж-а үстүңкү тумшугу кайчылашып, карагай, кызыл карагай ж. б. ийне жалбырактуулардын тобурчагынан уругу чыгарып жегенге ыңгайланган. К. т.-тун 3 түрү Европа, Африка, Азия, Американын ийне жалбырактуу токойлорунда таралган. Кырг-нда 1 түрү жашайт. Карагайларга жылуу уя салып, ургаачысы 3–5 жумурткасын басып чыгарат. Эркеги жем ташып, аларды багат.