КАЙЫМ АЙТЫШУУ
КАЙЫМ АЙТЫШУУ – кыргыз оозеки поэзиясында кеңири учураган айтыш ырларынын бир түрү. Аш-тойлордо, эл жыйылган жерлерде төкмө акындар кайым айтышып ырдашкан. Кайым айтышуу тематикасы жагынан ар түрдүү формада болот. Токтогул сыяктуу нускоочу акындар ырдын бул түрүн көбүнчө элдин кызыкчылыгын жактоо үчүн колдонушкан. Мындай ырларда акындын позициясы, көз карашы ачык көрүнөт (мисалы, Токтогул менен Арзыматтын кайым айтышуусу). Ашкерелөөчү, табышмактуу, тамашалуу жана башка мүнөздөгү кайым айтышуулар да болгон. Токтогул менен Арзыматтын айтышы кордоо, ашкерелөө максатын көздөсө, Талым кыз менен Көбөктүн айтышы табышмактуу, Токтогул менен Эшмамбеттин сакал жөнүндө айтышы тамашалуу мааниге ээ. Кайым айтышуу. акындар поэзиясындагы философиялык тереңдиги жагынан да, көркөмдүк жагынан да өнүккөн ыр түрүнө жатат. Аалам, дүйнө, жаратылыш, ар түркүн табияттык кубулуштар төкмө акындар тарабынан метафоралык, каймана түрүндөгү образдар аркылуу чагылдырылат. Мындай кайым айтышууар Токтогул, Калык, Барпы, Жеңижок, Эсенаман, Чоңду, Нурмолдо жана башка залкар акындардын чыгармачылыгында кеңири кездешет.