КАЙЫРМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫРМА , с о н о (Anas platyrhynchos) – өрдөктөр тукумундагы куш. Дене уз. 60 см, салмагы 0,8–1,4 кгга жакын. Жазында К-нын эркеги кооз, башы, мойну кочкул жашыл, канатында кызгылт-көк сызыгы бар, жайында соносуна (ургаачысына) окшош. Европа, Азия ж-а Түш. Америкада кеңири таралган. Кышында жылуу өлкөлөргө учуп кетет. Суу боюна уялайт, соносу 8–14 жумуртка тууп, 26–28 күн басып чыгарат. Жеми – суу өсүмдүгү, уруктар ж-а майда омурткасыздар. К-дан бакма өрдөк келип чыккан. Аңчылык кылынат.