КАЙЫРМА 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫРМА – Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-нундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 10 км түш.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 23 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 1606 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «К.» аталып калган.