КАЙЫҢДЫ
КАЙЫҢДЫ – Чүй обл-нун Панфилов р-нундагы шаарча (1934-жылдан), райондун борбору.
Чүй өрөөнүндөгү Чоң Кайыңды суусунун боюнда, деңиз деңг. 860 м бийикте жайгашкан. Бишкек ш-нан 88 км чыгыш тарапта. Кара-Балта
т. ж. бекетинен 20 км. Шаарча аркылуу Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы т. ж. өтөт. Кыш-
так катары 1917-ж. негизделген. Калкы 7,3 миң
(2009). «Кайыңды кант», «Кайыңды кабель заводу»,
«Кайыңды эт комбинаты» АКтары, кыш з-ду,
«Шоола» жоопкерчилиги чектелген коому иштейт. Шаарчада 3 орто мектеп, 6 китепкана, клуб, мад-т үйү бар. Оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, ресторан, мончо, сауналар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго обелиск тургузулган.