КАЙЫҢДЫ-СУУ (КАНЫШ-КЫЯ) ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ-СУУ (КАНЫШ-КЫЯ) ЧОПО КЕНИ – Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нунда, Ка­ныш-Суунун оң жээгинде, Каныш-Кыя кыш­нан 1 км түндүктө, деңиз деңг. 1700 м бийикте. 1983-ж. Чаткал геол. экспедициясы чалгында­ган. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон. 1,5–4,0 м калыңдыктагы кумайлуу чопо катмарынан «100» маркадагы кыш алууга болот. Запасы В категориясы б-ча 92 миң м3, С – 121 миң м3, В+С – 213 миң м3, С2 – 78 миң м .