КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ ГОРНБЛЕНДИТ КЕНИ Талас обл-нун Кара-Буура р-нунда, Арал кыш-нан 4 км түн. тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түш. капталындагы Кичи Кайыңды суусунун ортоң­ку бөлүгүндө. 1977–78-ж. геол. изилдөө жүргүзүл­гөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягын­да жиреп чыккан горнблендит интрузиясы жа­тат. Интрузия туурасы 300–600 м, уз. 2,5 км аянтты ээлеп, түн.-батышка созулат. Горнблен­дит кара түстө, түрдүү кристаллдуу роговая обманка минералынан турат. Жаракалуу бол­гондуктан, 0,3–0,9 м3 блок алууга болот. Жак­шы сайкалданып, күзгүдөй жалтырайт. За­пасы 15 млн м3. Дубалдарды кооздоп каптоого болот.