КАЙЫҢДЫ КЫРКА ТООСУ
КАЙЫҢДЫ КЫРКА ТООСУ Борб. Теңир-Тоодогу Кайыңды ж-а Көйкап сууларынын аралыгында жайгашкан. Ак-Суу р-нунун аймагында. Меридиан кырка тоосунан бөлүнүп, Сары-Жаз капчыгайына чейин созулат. Уз. 78 км. Эң жазы жери 14 км. Орт. бийикт. 4900 м, эң бийик жери 5784 м. Рельефи альп тибинде, капталдары капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Чыгыш тарабы бийик, мөңгүлүү; батышка карай төмөндөп, Кара-Арча ашуусунун жанында 3000 мге чейин жапыздайт. Андан батышка карай бийиктеп, 5000 мге жеткен Үч-Чат-Кумар тоосу м-н бүтөт.
Негизинен палеозой заманында пайда болгон
чөкмө ж-а магма тоо тектерден турат. Этегинде неогендин конгломераттары, кырларында герциндин гранит-диорит интрузиялары жатат. Азыркы мезгилде да тез көтөрүлүп жаткан мегантиклиналдык түзүлүш. Түн. капталына шалбаалуу талаа, шалбаалуу токой, субальп, альп шалбаасы ж-а субнивалдык, нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Түш. капталы жалама зоокалардан туруп, Көйкап суусунун нугуна чейин созулат.