КАЙЫҢДЫ 1
КАЙЫҢДЫ , Ч о ң К а й ы ң д ы, Ү л к ө н
К а й ы ң д ы – Манас р-нундагы суу. Талас д-нын алабына кирет. Уз. 43 км, алабынын аянты 282 км2. Агымы Чеч-Дөбө кыш-нан 8 км түн.- батыштан үзүлөт. Кыргыз Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түш. капталынан, айрым куймалары Эчкили-Тоодон агып түшөт. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 1950 м. Жалпы уз. 456 км болгон 184 куймасы бар; негизгилери – Кичи
Кайыңды (20 км; алабынын аянты 79 км2), Сөгөт (15 км; 26 км2), Кара-Арча (14 км; 60 км2). Кар (90%) ж-а жамгыр (10%) сууларынан куралат. Марттан июлга чейин ташкындап, август– февралда тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,85 м3/сек. Суусу мол; апрель–май айларынын орт. чыгымы 3,0 м3/сек; суусу ноябрь–февраль айларында тартылат (0,15–0,25 м3/сек). К-дан 1,65 м3/сек суу өткөрүүчү 6 сугат каналы чыгарылган; негизгилери: Акпай, Кырк-Казык.
Өрөөнүнөн Кайыңды, Чеч-Дөбө, Покровка кыш.
орун алган.