КАЙЫҢДЫ 3
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙЫҢДЫ – Токтогул р-нундагы суу, Нарындын сол куймасы. Көк-Ирим тоосунун түн.-батыш капталындагы чакан тоо көлүнөн башталат. Уз. 37 км, алабынын аянты 195 км2. Кууш капчыгай аркылуу агып, нугунда босоголор көп кездешет. Өрөөнү кооз, токойлуу шалбаа ээлейт. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2800 м. Көк- Ирим тоосунун эң бийик жери (4351 м) К. суусунун алабында. К-нын 6 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 2,90 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүктөрүндөгү куймаларында илгертен калган арыктар кездешет. Жээгинде Кайыңды кыш. жайгашкан.