КАКАО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКА́О , ш о к о л а д д а р а г ы (Theobroma cacao) – 1) теоброма уруусундагы дайыма жашыл дарак; 2) ошол дарак жемишинин даны. Жапайы ж-а эгилме түрлөрү бар. Жапайысынын бийикт. 5–8 м, эгилмеси 3–5 м. Жалбырагы кара көк; гүлү сары же кызгылтым. Жапайы К. тропик токойлорунда өсөт. Эгилме К. адегенде Мексика­да өстүрүлүп, 16-к-дын 1-жарымында Европага таралган. Борб. ж-а Түш. Америка, Батыш ж-а Чыгыш Африка, Малайя архипелагы, Филип­пин а. ж. б. жерлерде негизинен уругунан өстүрүлөт. К-нун чанагындагы даны сыя көктөн боз же ак түскө чейин, баалуу тамак-аш сырьё- су. Анда 50%ке чейин какао майы, 14,5% азот, 1,3 – 1,7% теобромин, 12% белок, 7% углевод, 0,71–2,33% к-та, 5–7% өңдөгүч заттар. 7–10% крахмал, 1–2% фруктоза бар. К-нун даны­нын даамын жакшыртуу үчүн 2–7 суткага чейин ферментация жүргүзүлөт. Бул учурда биохим. реакциянынын негизинде күрөң түскө өтүп, жа­гымдуу жытка ж-а даамга ээ болот. К. майынан дары-дармек, күнжарасынан суусундук даяр­далат.