КАКШААЛ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКШААЛ КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоонун түштүгүндө, Какшаал тоо тизмегинде. «Үч-Суу­нун куйганы» деп да аталат. Ак-Сай, Мүдүрүм ж-а Көк-Кыя суулары кошулган жерден мамл. чек арага чейин 25 кмге созулуп жатат. Түштүгүн­дө Көк-Кыя, түндүгүндө Бозой ж-а Чычардын тоолору жайгашкан. Ат-Башы р-нунун айма­гында. Деңиз деңг. 2800–2900 м бийикте жай­гашкан. Эң кууш жери 100–150 м (кээде каньон


сымал), чек арада 400–800 м, суунун таманын­да 20–40 м. Капталынын салыштырмалуу би­йикт. 400–800 м, тиктиги 55–60°. Капталдарын­да 80–700, 140–160, 200–250 м бийикте кашат сымал жантаймалар бар. Чек арада капчыгай кууш, зоокалуу. Суу капчыгайдын таманын дээрлик ээлеп агат. Генезистик тиби б-ча антеце­денттик өрөөн. Ландшафтында субальп ж-а альп талаасы, субнивалдык чөл алкактары басым­дуу. Электр станциясын курууга өтө ыңгайлуу.