КАЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАК – 1) бир нерсе сузуп алууга ылайык­тап, кичинекей күрөк түрүндө темирден жасал­ган курал. Күл чыгарып, эгин сузганга колдо­нулат; 2) уч жагы жалпак жана жука миздүү, саптуу, күрөк сымал жыгач курал. Ал бозонун шагын, эжигейди аралаштырганда жана бышырганда колдонулат; 3) кайыктын баш жагы жал­пак, сабы жумуру шилегичи. Сууну шилеп, ка­йык айдоо үчүн колдонулат.

Жыгач калак
Байдарка үчүн калак