КАЛАМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАМА – ачыбаган камырдан жука жа­йылып, казанга бышырылган нан. Камырды үзүп алып, жукартып жайып, какшыган казанга эки бетин катырып алат да, чокко тикесинен коюп, калап бышырат. Айрым жерлерде темир меш­тин капкагынын бетине улам оодарып бышырат. Калама көбүнчө шашылыш учурда колдонулат.