КАЛАМАНТАГ АКИТАШ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАМАНТАГ АКИТАШ КЕНИ Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Ош ш-нан 15 км батыш та­рапта, Каламантаг тоосунун түш. капталында. 1954-ж. чалгындалган. Кен аймагын девон мез­гилинде пайда болгон акиташ, сланец, кумдук тектери түзөт. Пайдалуу катмардын калыңды­гы 87 м, уз. 3,5 км. Акиташ теги боз, агыш түс­тө. 1 кг акиташтан 2,2 л эринди (аки) алынат, ал 2 мүнөттө өчүп, 88°Сге чейин ысыйт. Акиташ тегин 1230°С темп-рада бышырса, 1-сорттогу аз магнезийлүү аки алууга болот. Запасы А кате­гориясы б-ча 2368 миң т, В – 514 миң т.